www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Оппозициялык саясатчыларды актоо жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу саясий компромисстин натыйжасы болушу мүмкүн», - деди 15-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Алишер Мамасалиев.

- Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөн Чотоновдун акталышы, Курсан Асановдун үй камагына чыгышы, Раимбек Матраимовдун сот ишинин кыскарышы Садыр Жапаровдун соттун ишине кийлигишпегениби?

- Белгилүү оппозициялык саясатчылардын акталышы, негизинен, абдан жакшы көрсөткүч. Менин оюмча, бул актоо жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу саясий компромисстин натыйжасы болушу мүмкүн. Кандай гана болбосун, бул коом үчүн позитивдүү көрсөткүч. Жакын арада башка оппозициялык саясатчылар акталышы мүмкүн.

- Референдум аркылуу жаңы конституциянын колдоо тапканы мыйзам ченемдүү эле көрүнүшпү?

- 2021-жылдын 10-январында өткөн референдумда эл мамлекеттик башкаруунун президенттик формасын тандап алгандан кийин, мага көпчүлүк адамдар жаңы Конституцияны дагы колдой турганы айкын болду. 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алган жаңы Баш мыйзамды кааласак да, каалабасак да, элдин тандоосу экенин түшүнүшүбүз керек.

- Эми мамлекетибизде кандай өзгөрүү болушу ыктымал?

- Биринчиден, кабыл алынган конституциянын долбоору парламенттен өтүп, депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосун алышы керек. Экинчиден, конституциянын долбоору парламент тарабынан жактырылгандан кийин, жаңы Конституцияга Президент Садыр Жапаров кол коёт, андан кийин Жогорку Кеңеш таркатылат. Президент жаңы парламенттик шайлоонун күнүн элге жарыялайт. Бул маселелер талкуу учурунда көптөгөн карама-каршылыктарды жаратышы мүмкүн болгон маанилүү процесс.

Ал эми бүгүнкү бийликтин башка маанилүү кадамдарына токтолсок, эгерде парламенттик шайлоого чейин Өзбекстан менен чек ара маселелери чечилсе, бийлик үчүн эле эмес, баарыбыз үчүн чоң жетишкендик болот.

Ошондой эле бийликтин азыркы негизги милдети - бул коронавируска каршы күрөшүүдө былтыркыдай башаламандыктын жана катачылыктардын алдын алуу. Азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөө жана төмөндөтүү.

- Баса, Шаардык Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин шайлоосу кандай өттү?

- Эгерде жергиликтүү шайлоолор жөнүндө айта турган болсок, менимче биздин кээ бир аткаминерлер жана саясий партиялар 4-октябрдагы окуялардан эч кандай сабак албаптыр деген жыйынтыкка келсек болот. Мыйзам бузуп, добуш сатып алууга ашыккандарга прокуратура сөзсүз чара көрүшү керек! Эгер мындай мыйзам бузуулар келе жаткан парламенттик шайлоодо дагы кайталанса, анда биз күзүндө кайрадан саясий кризиске туш болобуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости