www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жанар Акаев өсө турган акылы тетик жигит болсо, ар бир сөзүн анализдеп, ойлонуп анан сүйлөсө болмок», - деди бүгүн, 15-апрелде NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек мырза, Жанар Акаевдин Али Токтакуновго берген маегинде «Садыр Жапаров ишенимдүү партнер эмес, депутаттарга конституцияны, референдумду колдотуп алып, эртеси кылмыш ишин ачтырып, миллиондорду төлөтүп алат» - деди. Анын айтканына ынансак болобу?

- Жанар Акаев өсө турган акылы тетик жигит болсо, ар бир сөзүн анализдеп, ойлонуп анан сүйлөсө болмок. Анткени, мамлекет башчысы жөнүндө сөз айтаарда оюна келгенди оттой бербей, өтө так болушу керек.

Себеби, мамлекет башчысы эл тарабынан шайланган даражалуу инсан болуп эсептелет. Гимн, желек кандай болсо, президент да мамлекеттин ошондой эле символу болуп эсептелет. Ошон үчүн ыңгай келсе, келбесе деле аны ар кайсы сөзгө кошо берген болбойт.

Анткени, каалаган киши эле мамлекет башчы боло бербейт. Текебаев канча жылдан бери мамлекет башчылык кызматты эңсеп жүрөт. Бирок, Кудай мамлекетти башкарууну каалагандарга эмес, өзү сүйгөн адамдарды мамлекет башчы кылат экен да. Ошон үчүн оозумда сөзүм бар деп эле президентти конституцияны колдотуп алып, кайра үстүнөн иш козготкон ишенимсиз партнёр дегени туура эмес.

Садыр Нургожоевич Жанар Акаев айткандай адам эмес. Ал баарына калыс, акыйкат карайт. Ошон үчүн Дүйшөн Чотонов менен Өмүрбек Текебаевдин сотуна кийлигишкен жок. Болбосо, алар Атамбаевдин убагында камалып, Жээнбековдун убагында дагы камакта отурган, акталышкан эмес.

Садыр Жапаров сот адилеттүүлүгүн орнотууга кызыкдар болгон үчүн Курсан Асанов да үй камагына чыкты. Болбосо буларды саясий куугунтук кылып, соттотуп жибермек.

Кыскасы, Жанар Акаев койгон дооматтар суу кечпейт. Садыр Жапаров ал сүрөттөгөндөй адам эмес. Жанар Акаев элдик депутат болгондон кийин ошол атка татыктуу болсо болмок.

- Бирок, Жанар Акаевди чындыкты туу туткан, элдин таламын талашкан адамдай көргөндөр көп го?..

- Жалындуу сөздөрдү сүйлөп жатса, укмуш экен дегенер болушу толук мүмкүн. Маселен, мен Жанар Акаев «Азаттыкта» иштеп жүргөндө билими жогору, абалга анализ кылганды билген, орундуу сүйлөгөн жигит деп ойлочумун. Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, чоң саясатка аралашканда гана алысты көрө албаган тайыз, кекчил, бирөөлөргө негизсиз асылган жигит, көрөңгөсү жок жигит экен деген ойдо калдым. Бирок, мен Жанардын андай болушун каалабас элем.

- Баса, Жанар Акаевдин «азыркы бийлик өздөрүнө каршы чыккандарды беш ай иштетип, бир кагазга кол койдуртуп алып, кайра кылмыш ишин козготуп койгонго жөндүү дегени орундуу кеппи?

- Жанар Акаевдин бул айтканы да көчөдөгү ушакчы аялдар сүйлөгөн эле сөзгө окшоп калыптыр. Октябрь айында революция болду. Ага көптөгөн адамдар катышты. Кызматка мурунку президентке каршы иштеген адамдар да келди. Анын ичинде Жанар Акаевдин санаалаштары Текебаевдин саясатын жүргүзүп, камчысын чапкан Тилек Токтогазиев, Элвира Суравалдиевалар да болду.

Революцияга катышкан адамдарын көпчүлүгү жооптуу кызматтарга иштеди. Жанар Акаевдин санаалашы, Атамбаевдин арты менен депутат болуп, Текебаевдин саясатын жүргүзгөн Суравалдиеваны вице-премьер кылды. Токтогазиевди Айыл чарба министри кылды. Дагы бир революционерди финполицияга алып барды. Ошолордун ичинен бир гана Максат Маматкановдон башкасы ишин жөндөй алган жок. Максат Маматкановдун кызматы кыскарып кеткендиктен иштебей калды. Эми Атамбаевдин арты менен депутат болуп, кийин Текебаевдин камчысын чапкандар Отунбаеванын жаңы бийликке каршы чыгып жатканы үчүн бийликке ыксыз дооматтарды коё башташты.

Тагыраагы, Жанар Акаевдин сүйлөгөн сөзү Отунбаеванын жана Текебаевдин сөзү деп түшүнүшүбүз керек. Алар акылы аз, көрөңгөсү тайыз баланы алдыга түртүп, ушундай сөздөрдү айттырып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости