www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда коронавируска каршы эмдөө алган 16 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине каршы эмдөө алгандардын арасынан 16 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Алардын арасында эң көп төрт апта мурун эмдөө алгандар.

Ал эми коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн кийинки иммунитет вакцинанын экинчи компоненти алынган күндөн тартып алты аптадан кийин пайда болору жазылат маалыматта.

Медицина илимдеринин доктору, биолог жана "Medsupportkz" компаниясынын жетекчиси Ботагөз Каукенованын айтымында, эмдөөдөн кийин, алсак, адам эмдөө алган күнү ооруп калышы мүмкүн.

"Антителолор вакцинада жок, алар адамдын организми тарабынан вакцинага жооп катары иштелип чыгат. Органимзде антителолор пайда болушу үчүн кеминде 2-3 апта убакыт керек. Sputnik V'нин биринчи дозасынан 3 аптадан кийин, экинчи дозасын алуу керек болот. Экинчи дозадан 2-3 аптадан кийин вирустан коргой турган антителолордун деңгээли көтөрүлөт", - деген Ботагөз Каукенова.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости