www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кемелбек мырза, 15-апрелде ИИМдин имаратынын алдына “Айзаданын өлүмү” тууралуу митинг болду. Бул митинг канчалык деӊгээлде кимге керек эле?

- Бул митингдин өтүшү таптакыр туура эмес. Алтургай чегинен чыгып кетти деп да айтам. Анткени, ИИМдин имараты митинг өтүүчү аянтча эмес. Ал мамлекеттик стратегиялык маанидеги обьект. Албетте, митингдер өтүшү үчүн атайын мэриядан жер берилген. Ага ылайык Горький паркына барып алып митинг өткөрүшсүн. Ал жактан айтылган сөздөр ИИМде иштегендерге жетпей калмак беле. Азыр коом маалыматтын заманында, андыктан кай жерде болбо, кимге кайрылсаӊ да үнүӊ жетет.

Экинчиден, митингчилердин талабы таптакыр туура эмес. Алар “Айзада үчүн келдик”-деп жатышат. Эч кандай Айзада үчүн жандары кашайган жок. Ооба, кырсык болду, кейиштүү окуя орун алды. Анүчүн милициялар тиешелүү жазаларды алышты. Министр баш болуп, жалпы милиция Айзаданын ата-энеси, жакындарынан кечирим сурашты. Кечирим суроого ар кандай жүйөөлөр болду.

Бирок, өлүмдүн артын саясатка, ыпластыкка бургусу келгендердин бул кылыгы адамгерчиликке жатпайт.

- Дегеле, бул митингчилерге ким моралдык укук берди? Же аларды кандай кызыкчылык айдап келүүдө?

- Булар кимдер экенин коомчулук эӊ жакшы билип турбайбы. Кыргызда “Түтүн чыккан жер барбы, түлөө кылган эл барбы?” - деген кеп бар. Анын сыӊары, булар көчөдө эки ит кабышып кетсе да укук коргоп чыга калчулар эмеспи. Бүгүнкү митингге чындап Айзаданын өлүмүнө күйгөндөн чыгышкан жок. Ырасында, ЛГБТ, Гей-парад, Кызтеке, Бачабаз, айтор акыл эстүү коомду абийир аӊгилиги менен талкалай тургандардын митингинде жетелешип жүргөндөрдүн шоусу болду. НПОчу, укук коргоочу десе эле Кыргызстандын мыйзамын уруп ойнобошу керекпи? Чынында буларга ким моралдык укук берди? Эч ким! Булар жада калса улуу Орозонун күнүдө, ал тургай пандемия шарттарын бузуу менен митинг жасашты. Буларды ушул жүйөөлөр менен камаса да болот.

- Жаӊы кабыл алынган мыйзамдар милициянын иштешине кедерги болууда деген пикир коомчулукта басымдуулук кылып баратат. Сиз кандай ойдосуз?

-Бул эми буту колду байлап туруп, “эми иште!” - дегендей эле болуп жатат да. Айталы, 35-беренеде тергөөчүнүн укуктары каралган. Бирок, мурда 37-беренеде болгон “Алгачкы текшерүү органдары” - дегенди жаӊы мыйзамда жоюп салышты. Аны алып барып 16-беренеге байлашты. Мындайча айтканда иштеп аткан жакшынакай мыйзамды кесип-бутап, чолок-мунжу кылып, башка бир жактан шайкеш келбеген көчүрмөлөрдү кыстап киргизип, аны кабыл алдырды дагы укук коргоо тармагыбызды талкалап беришти. Азыр милиция эштеке кыла албай калды. Бир иш кылыш үчүн соттун чечимин күтүп олтуру керек. Элементардуу Алгачкы текшерүү иштерин алып бара албайт. Милиция элдин, коомчулуктун “Колуӊардан эштеке келбейт” деген сөзүнөн корунуп, кабинетте олтуруп калды. Мындайча айтканда милицияга ушу тапта психологиялык басым болууда. Эгер бул улана берсе анда кызматкерлердин дээрлиги милициядан кетет. Анан ким иштейт? Көчөгө кыйкырып чыгып аткандар каяктан иштемек эле? Алар милициянын ишине бир күн да чыдай алышпайт. Андыктан мурунку мыйзамдарга келишибиз керек.

Кубанычбек Заинидинов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости