www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде, КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Өзбекстандан Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун журүшүндө, өзбек тарап Кыргызстандан Өзбекстандын базарларына мал жеткирүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Министр белгилегендей, 2020-жылдын 19-ноябрындагы КР өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомунун негизинде тирүү малды экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген.

Министр белгилегенедей, учурда чектөөнүн мөөнөтүн кароо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.

Тараптар импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатын талкуулашты.

Ошондой эле, Кыргызстанга 1000 тонна буудай жана 500 тонна пахта берүү шарттарын талкуулоо менен министр мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 10 миң көчөтүн бекер жеткирип бергенин эске алып, ыраазычылыгын билдирди.

Өзбекстандын техникалык жардамы менен Кыргызстандын аймактарында күнөскана жана бакча куруу маселеси дагы талкууланды. Долбоордун концепциясы дыйкандар үчүн окутуу жана көрсөтмө блокторун курууну камтыйт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар буга чейин түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди жеткирүү иштери жүрүп жаткандыгын ырасташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости