www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сын айтыш керек, бирок жолу менен сын айтуунун да чеги, болуш керек. Мындай пикирин экс-депутат Надира Нарматова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Кыргыздын душманы - кыргыз деген сөз акыйкат. Жакшылыктан жамандык издеп, жакшы сөздү кыргызга ыраа көрбөй калдык. Мынтип олтурсак, бири-бирибизди жеп, акыры жоголуп тынат окшойбуз. Бийликтин айынан, жетпей калдым деген бирөөсү «Садыр Жапаров оңкосунан түшөт» - деп бир сагызган болуп шакылдаса, экинчиси «Бишкек Баатыр Садыр Жапаровго окшош болуптур, баш кийими жок, кемерине тойотанын эмблемасын коюптур» - дешип, арамданып, талкуулап чыгышты.

«Бийликти жамандап, сындап, кокодон алып кыйкырсам мени кыйын, азамат экен деп эл жакшы көрүп калып, колдойт» - деген чолок ойду токтотпойсуңарбы! Кудайдан коркпойсуңарбы!
Кичине ойлонуп койсоңорчу! Качан жакшыны жакшы, жаманды жаман, акты ак, караны кара деп айтып үйрөнөбүз.
Пейилди оңдобойлубу. Көрө албастык, ичи тардык, өзүмчүлдүк, кара ниеттүүлүктүн чеги болуш керек.

Мынчалык майдаланып, төмөнгө түшүп, пастыкка барууну чоңу, кичинеси адатка айлантып алышты. Ызы-чуу салгандан уялып, коомду булгаганды токтотушса. Сын айтыш керек, бирок жолу менен сын айтуунун да чеги болуш керек. Тооба кылдым. Таң каласың. Жок дегенде улуу Рамазан айында ниетти түздөп, ыйман, ынсапка келели!

Жалаа жаап, арамданган ой жүгүртүүнү токтотолу! Тооба кылып, өзгөрүүнү, реформаны өзүбүздүн руханый көз караштан, ички сезимден, пейилден баштайлы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости