www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу өкүлү/ Кыргыз Республикасындагы БУУ Тутумунун туруктуу координаторунун м.а. Луиз Чемберлен менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Бизде ишке ашырууга муктаж болгон көптөгөн биргелешкен долбоорлор бар. БУУ тутуму тарабынан каралып жаткан долбоорлордун алкагында олуттуу демилгелер бар – бул Кризистен кийинки калыбына келтирүү планын ишке ашыруудагы Өкмөттү колдоо болуп саналат. Мындан тышкары, жакын арада ыктымал болгон коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкунуна даярдык жаатындагы Өкмөттү колдоого алуу боюнча долбоорлор каралат. Биз Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун бардык институттарына Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзүүчү өлкө аймагындагы маанилүү жана зарыл долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деди Артем Новиков.

Луиз Чемберлен маалымдагандай, COVID-19 ыктымалдуу жаңы толкунуна байланыштуу алар үч маанилүү чакырыкка көңүл бурууга ниеттенүүдө.

«Биринчиси – вакцина жана вакцинациялоо маселесине тийиштүү маселе, экинчиси – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунун жооп кайтарууга даярдыгы, үчүнчүсү – социалдык коргоо. Биздин байкообузда, өлкөдө коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну тездик менен күч алууда. Азыртадан оорунун жайылышынын алдын алуу тобокелдигин жоюу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу керек. Биз өнөктөш катары биргеликте иш алып барганда көп нерсеге жетише алабыз. Биз өзүбүз тараптан социалдык жана гендердик мүнөздөгү маселелерде жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», - деди Кыргыз Республикасындагы БУУ Тутумунун туруктуу координаторунун м.а. Луиз Чемберлен.

Тараптар Кыргызстандагы COVID-19 жайылышынын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды, ошондой эле COVID-19 үчүнчү толкуну учурундагы Өкмөттүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн калкты маалымдоо, дары-дармек каражаттарын ташуу, калкты вакцинациялоо жана эпидемиологиялык тобокелдиктер маселесин координациялоодо биргелешкен күч-аракетин талкуулады.

«Биздин милдет – адамдардын өзүнө туура келген вакциналарды тандап алуусун сунуштоо. Учурда «Спутник V» вакцинасын ташып келүү тууралуу консультациялар жүрүүдө. Sinopharm кытай вакцинасы менен вакцинациялоо жүрүүдө. Биздин саламаттык сактоо тутумунун COVID-19 үчүнчү толкунуна карай даярдыгына тийиштүү билдирсек, ата мекендик саламаттык сактоо тутуму 2020-жылы өлкөдөгү эпидемиянын кескин жайылышына даяр эместиги боюнча Өкмөт белгилүү тыянактарын чыгарды. Эки этапта 11 миңден ашуун койко-фонддун ачылышы, өлкөдө оорунун жайылышы боюнча абалды эске алуу менен медициналык адистердин резерви ишке киргизилип, зарыл жабдуулар, коргонуу каражаттары менен камсыздалат», - деди ал.

Мындан тышкары, сентябрь айынан тарта мектеп медицинасы боюнча чоң долбоор ишке киргизилет, өлкө боюнча ар бир билим берүү мекемесинде медициналык кабинеттер уюштурулуп, жер-жерде жылы бою иштей турган медперсонал түзүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жакынкы арада бардык актуалдуу багыттар, анын ичинде өлкө жарандарын социалдык коргоо боюнча биргелешкен аракеттер планын даярдоо тууралуу белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости