www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2010-жылы түштүктө болгон ошол кыргын Чүйдө болсо, чүйдүн эли бизге окшоп он жыл аралыгында унчукпай чыдап олтурушмак эмес», - деди бүгүн, 15-апрелде NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Шамырза Бөрүкулов.

- Роза Отунбаева «Түштүк коогалаңы боюнча биздин да айта турган сөзүбүз бар. Кара жашиктин оозун ачпагыла» деп кеңеш берет элем деди. Бул ишке баа берилиши керекпи же болоор иш болду, боёсу канды деп чукуп, ырбатпай эле койгонубуз туурабы?

- «Кара жащик» ачылбасын деп Отунбаеванын тынчы кетип жатканынын себеби, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн, алардын ичинен өзгөчө Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдердин адам баласынын төбө чачын тик тургузган былык иштери бар. Былык иштери деп мен жумшак айтып жатам. Ар нерсени аты менен аташ керек.

Тагыраагы, толгон-токой кылмыштары бар. Ошол кылмыштары ачылып калат деп түн уйкулары бузулуп жатат.Түштүктөгү улуттар аралык согушту өзбек сепаратистери чыгарган деп жалган айтышып, элдин башын айлантып келишет. Өзбек сепаратистери Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдердин колундагы марионетка гана болушкан. Аларага түштүктү өзбек автономиялуу область кылып Батыровго башкартабыз деп жатышса, анда эле өзбек туугандар көчөгө чыкпай жаны жокпу?

Кыскасы, «кара жащик» ачылса, 7-апрелде, түштүк согушунда өлгөн адамдардын каны Убактылуу Өкмөттүн мойнуна илинип калат. Булар тарыхта Гитлердей болуп эле кара тамгалар менен жазылып, эл душмандарына айланышат. 2010-жылы Бакиевди кууган күндөн баштап, 2017-жылы Атамбаевдин президенттик мөөнөтүн бүткөнгө чейинки ар бир минуталары ар кандай кылмыштар, арам иштер, элди алдоо, аферисттик аракеттер, өлкөнүн эсебинен байып алуулар менен коштолгон.

Мындай акмак бийлик эч бир мамлекетте, эч кайсыл мезгилде болгон эмес. Мен муну 100% гарантия менен айта алам. -Кара ящик жабылган бойдон кала берсин деген суроого мен төмөнкүчө жооп берет элем:

Бул жерде түштүк, түндүк региондорун салыштыруу менен карасак болот. Муну окуп алышып, жакшы ой жүгүртпөгөн кем акылдар мени трайбалист адамга чыгарышы турган кеп. Бирок, акыйкат үчүн болгонун болгондой айтышым керек.

Мисалы, эгер 2010-жылы түштүктө болгон ошол кыргын Чүйдө болсо, чүйдүн эли бизге окшоп он жыл аралыгында унчукпай чыдап олтурушмак эмес. Кайсыл бийлик болбосун кекиртектен алышып, күндө митинг кылышып болсо да алиге чейин акыйкатты ачыкка чыгарышмак.  Башканы айтпасак да, алар кылмышкер Атамбаевди «өзүбүздүн уул «дешип кылмышкер экенине карабай коргоп, колдоп, а түгүл азыркы күнгө чейин «бошотуп бер» дешип чыр салып келишет. Унчукпай койсок, «кара жащикти ачпаш керек» дешип жашырышып, дымын чыгарбай коё беришеби? Эмне түштүк эли өлкөнүн өгөй балдарыбы?

Түштүктүн эли кырылып, үй жайлары өрттөлүп, сырттан душман бастырып келбей баштарынан согушту өткөрүп жатышпайбы. Эмне үчүн иликтенбей ушул бойдон калыш керек экен? Түштүктө адамдар колдоруна курал алып, алдынан чыккандарды ур-токмокко алышып, өрттөп, талкалап ак үйгө бастырып барып өлүшкөн жок да.

Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдердин арам бийлиги бекемделиши үчүн бөөдө өлүм болушту. Биздин региондун адамдары өлүп жатса, биз бийликтен акыйкат талап кыла албайбызбы? Же болбосо, бир күнү түштүк элинин да сабыры түгөнүп жарылганда эсеп болобу? Сабырдын да чеги болот. Отунбаева «кара жащикти» ачпа деди деп ачпай коюшабы?

Кара жащиктин өзү жок, себеби кара жащиксиз эле болгон окуяны карапайым эл баштан аяк билишет. Бизге болгону акыйкатты ачык айтып жарыя кылышсын. Тарыхта болгону болгондой жазылып калсын.

«Кара жащикти» жашырууну ойлогондордун өмүрү эч качан жакшылык менен бүтпөйт. Себеби, аерде бейкүнөө өлгөндөрдүн каны турат.

- Бул каргашалуу окуя Убактылуу Өкмөттүн тушунда болгон. Кимдин канчалык күнөөсү бар деп ойлойсуз?

- Менимче түштүктөгү коогалаңдын болушуна Атамбаевге салыштырмалуу Отунбаеванын күнөөсү көп. Ошон үчүн Батыровду өлкөдөн чыгарып салып жатпайбы. Ошон үчүн акыркы убактарда бир жерде олтура албай, ар кайсыл студиялардын эшигин аңдып, ар кайсыл жерден «кара жащикти ачышпасын» деп бийликке ультуматум коюп жатат. Кыскасы, түштүк окуясы ийне жибине чейин тез арада иликтенип, күнөөлүлөр жазаларын алышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости