www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар медициналык мекемелеринде болуп, кыргызстандыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого жана коронавирус инфекциясынын алгачкы белгилери байкалары менен тезинен ооруканаларга кайрылууга чакырды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, төмөндө мамлекет башчысынын жарандарга кайрылуусу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Өзүңүздөр көргөндөй, бүгүн мен Ковид-19 илдети менен ооруп жаткан бейтаптар жаткырылган бир катар ооруканаларды кыдырып чыктым. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга, Токмок аймактык ооруканасына бардым.

Азыркы учурда абал өтө коркунучтуу эмес десек болот. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандардан сурап чыктым, алар көбүнчө жардам сурап кайрылбай үйүндө жата бергендер, такыр болбой баратканда келип, реанимацияга түшүп калгандар экен.

Ошондуктан сиздерге кайрылып кетээрим, жөтөлүп же оорунун ушундай бир белгилери пайда болору менен ооруканаларга барыңыздар. Жаңыдан башталганда барып кайрылсаңыздар биздин дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышты.

Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот.

Кудай буюрса, биз катаал карантин талаптарын киргизбей, абалдан чыгып кеткенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Ошондой мүмкүнчүлүгүбүз бар деп мен толук ишенем. Кудай буюрса, баары жакшы болот».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости