www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шарап куюлган жакузи жана анын үстүндө жарым жылаңач кыздар кучакташа бокал кагыштырып көңүлдүү турушат. Мунун баары «Фабрика звезд» долбоорунун көрүнүктүү катышуучусу жана «Тутси» тобунун мурдагы ырчысы Настя Крайнованын туулган күнүнөн бир элес. Ал эс алганын көпчүлүк менен бирге бөлүшүү үчүн сүрөттү Instagram баракчасына жүктөгөн.
Крайнова өздүк майрамын дос кыздары менен бирге Москванын четинде жакшы маанайда тосконун жазат. Анда айтылгандай, жылдыз көптөн бери мынчалык чер жаза элек экен. Бирок, анын кандай эс алганы эч кимге деле кызык болгон жок. Болгону ошол сүрөттөрдүн алдына жазган эркектердин комментарийлерине караганда, андагы “ыс-сык” сүрөттөргө делебелери козголуп кеткен.
36 жаштагы Настя Крайнованын фанаттары кадрларды карап өздөрүн кармана албай жатышкандарын айтышууда. Алардын белгилөөсүндө, ырчы айым дос кыздарын жакшы тандаган – баардыгы бири-биринен калышпаган сулуулар анан калса өздөрүн жакшы күткөн келбеттүүлөр.
Күйөрмандары кыздарга карата: «Бомбита!», «Эротикалуу!» жана «Сыйкырчылар!» деген өңдүү комплименттерин айтып, шилекейлерин жутуп жатышат.
Булак: NazarNews.kg