www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анча-мынча адамды тааныбай чамгарактап калган, мурунку депутат, азыркы Конституциялык палатанын судьясы Курмантай Абдиев деген керооз кара-кулжалык болгон. Курмантай Абдиев кайсы жерге барса да менин үкаларым мамлекеттик жогорку бийликте турганда, Кыргызстанды мен билбегенде ким билет эле деп дегөөрсүп калган.

Балким ушул сөзү мурунку Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси, учурдагы Конституциялык палатанын төрагасы, айтылуу легендарлуу өкмөт башчысы Арстанбек Дүйшеевдин уулу Карыбек Дүйшеев тарабынан мурунку шефтеринин кулагына угулса керек. “Эки кочкордун башы бир казанда кайнамак беле”, Конституциялык палатаны өзүм билемдик менен “серый кардиналы” катары жетектеп жүргөн Курмантай Абдиев 70 жашка толгон соң, эс алууга кетти деген шылтоо менен кызматынан бошотулду. Кара-кулжалыктар да кызматынан кетет экен, тоба!..

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости