www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазуучу Чолпонбек Абыкеев өлкөдөгү көмүр тартыштыгы тууралуу пикирин билдирип, сөссүз президент кийлигишүүсү керек беле деген суроо койду.
"2021-жылдын күзүн эстегилечи? Жалпы Кыргызстан боюнча көмүр маселеси чоң түйшүк жараткан. Ошондо Президент жеке көзөмөлүнө алып, бир айга жетпеген убакытта маселе чечилип, бүт регион көмүр менен толук камсыз болгон. Ал кездеги абал быйылкыдан бир канча оор болчу. Азыркыдай 30-40 тонналаган көмүр тарта алган техникалар жок болчу. Дээрлик жеке менчик автоунааларды жалдап иштетүүгө туура келген. 2022-23-24- жыларда көмүр тартыштыгы деген маселе коомчулукта козголгон жок. “Кыргызкөмүр” тармагына бир канчалаган, 30-40 тонналаган көмүр тарта ала турган жаңы техникалар сатылып алынды. Ала жайда эле тиешелүү көмүр ташылып келип, каалоочулар алып турушту. Коңшулаш Казакстандан келген көмүрдүн түрлөрү да көп болду.
Анан эмне болуп быйыл “кара теке сүздү”? “Көпчүлүк аймактарда, анын ичинде Бишкекте көмүр жетишсиз, жакшы, сапаттуу көмүрлөрдү бүт жеке менчик сатуучулар ортомчулар аркылуу алышып, тоннасын 7 миң сомдон ашык сатып жатышат” деген чуу чыкты. Кайрадан Президент кийлигишкенден кийин он күнгө жетпей маселе чечилип өз жолуна түштү. Кырдаалды жөнгө салыш үчүн “Кыргызкөмүр” өздөрүнүн техникаларына кошуп, шашылыш жеке менчиктерди да жалдап жиберишти. Азыр Бишкекте, башка региондордо да мамлекеттик баадагы көмүр жетиштүү сатылууда деген маалыматтар келе баштады. Коомчулук тынчып калды.
Айтайын деген сөз мында турат. Коомчулук чуу көтөрүп, анан сөзсүз Президент кийлигишүүсү керек беле? "Кыргызкөмүр” тармагында иштегендер эмнеге быйыл уктап калышкан? Эмне үчүн сапаттуу көмүрлөр жеке менчик сатуучулардын колуна өтүп кеткен? Кимдер ортодо пайда көргөн? Ким жооп берет? Мындай кырдаал келерки жылда кайталанбашы үчүн тармакты тейлеген жетекчилер жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр, Кудайга шүгүр, мамлекеттин өздүк техникалары жетиштүү. Болгону ар бир жетекчи өз ишин так аткарса болду, эч кандай проблема жаралбайт. Көмүр тармагы эле эмес, башка тармакта иштешкен мамлекеттик кызматтын жетекчилер да өз иштерин так, туура аткарса иш шыр жүрө берет. Мурда жетекчилердин шылтоолору “каражат жок” деген сөз болчу. Бүгүн андай шылтоо жок. Тескерисинче, мамлекеттен бөлүнгөн каражатты өз учурунда, туура пайдалана албай көпчүлүк жетекчилер жүдөп жатышат. Болбосо мамлекеттин бүгүн бардык проблеманы учурунда чечип берүүгө күчү жетет", - деди Абыкеев.