www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзамсыз жол менен 2,4 млн сомду кымырып алган айыл өкмөттүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун Ынтымак (мурдагы Кызыл-Суу) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары 2023-жылдын февралынан баштап 2024-жылдын январына чейин айыл өкмөттүн кызматкерлеринин айлык акысы катары көрсөтүү менен жалпы 2 млн 402 миң 877 сом акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланышканы аныкталган.
Аталган факт боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, Кара-Суу РИИБ тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.