www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык альпинист Акматбек Маматкаимов Чилиде жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо Охос-дел-Саладого чыкканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал жанар тоонун башында калпак кийгени жана Кыргызстандын туусун кармап турганы тартылган сүрөтүн жарыялады.

Ал жанар тоонун башына 29-январда Чили убактысы боюнча 11:28де чыккан. Маматкаимов буга чейин Охос-дел-Саладого чыккан кыргызстандык боло электигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Охос-дел-Саладо жанар тоосунун бийиктиги 6893 метрге жетет. Ал дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо гана эмес, Түштүк Америкада бийиктиги боюнча экинчи орунда турган чоку болуп саналат.

Последние новости