www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп аскердик тик учак менен жүргүнчү учак катышкан кырсыкта эч ким тирүү калбаганын маалымдады. Анын айтымында, түнү бою издөө-куткаруу операциясы жасалган.

Кырсыкта Россиянын жарандары АКШнын муз үстүндө бий боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары Евгения Шишкова менен Вадим Наумов да болгон.

Жүргүнчү учагында 14 спортчу Канзас штатында өткөн өлкө чемпионатынан кайтып келе жаткандыгы айтылды.

Россиялык жуп карьерасын жыйынтыктагандан соң 90-жылдардын аягында АКШда машыктыруучулук менен алектене башташкан. Алардын 23 жаштагы спортчу уулу да аталган турнирге катышып, үйүнө ата-энесинен мурда кайткан.

Трамп россиялыктардын сөөгүн кайтарып берүү үчүн Россия тарап менен сүйлөшкөнүн, түз каттам болбосо да АКШ бул процесске көмөк көрсөтөрүн билдирген.

29-январда кечки 22:00 чамасында American Airlines авиакомпаниясынын учагы Рейган аэропортуна коноордо АКШ армиясынын Black Hawk тик учагы менен кагышып, Потомак дарыясына кулаган. Учакта 60 жүргүнчү жана 4 экипаж кызматкери болгону кабарланган. Кечээ суудан 18 адамдын денеси табылган.

Последние новости