www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин соцтармакта “20 жылдыкка барып классташың менен кол кармашып чыктың” деп аялын сабап, атып өлтүргөнү тууралуу маалыматтар тараган.

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратып төмөнкүлөрдү билдирди.

«2025-жылдын 26-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Кулжа РИИБге жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган»,-деп жазылат маалыматта.

Белгиленгендей, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости