www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште өлкөнүн каржы саясатына байланыштуу улуттук мыйзамдарды КР Бюджет кодексине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Салыкты эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзам долбоору салыктык эмес кирешелер менен ички аудит маселелерин жөнгө сала турган маселелерди Бюджет кодексине ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. «Мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Ал эми анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт», - дейт ал.

Депутат Мирлан Бакиров жалпы эле фонддордун, анын ичинде экологиялык фонддун тагдырына кызыкты. Каржы министри мыйзамга ылайык атайын фонддорду түзүүгө тыюу салынгандыктан, экологиялык фонд борборго айландырылып, ага бюджеттен каражат бөлүнө турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын жыйынтыгында министрликтер менен мекемелердин атайын каражаттары түрүндө 10 млрд 686 млн сом түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости