www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 9 айда Бишкектин бюджетине 700 млн сом түшпөй калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэрияда вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча штабдын отуруму болуп өтүп, анда Бишкек шаарынын январь-ноябрь айларындагы бюджетинин кирешелеринин аткарылышы каралган.

Отурумда айтылгандай, быйыл 9 айда шаардын бюджетинин кирешелери 6,9 млрд сомду түзүп (план боюнча 7,6 млрд сом), белгиленген план 91,3%га аткарылган. Башкача айтканда шаар бюджетине 700 млн сом түшпөй калган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости