www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык ажыларды 2027-жылы гриппке жана менингитке каршы вакциналар менен камсыздоо үчүн ата мекендик жеткирүүчүлөр арасында конкурс жарыяланды.

Конкурс Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдын 15-августундагы №718 буйругу менен бекитилген иммунизациялоонун коопсуз практикасы боюнча колдонмонун талаптарына ылайык өткөрүлөт.

Конкурска катышуучулар фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө жана медициналык иммунобиологиялык препараттарды сатууга уруксат берген жарактуу лицензияга ээ болушу керек. Ошондой эле вакциналар Кыргыз Республикасында акыркы үч жылда колдонулган жана оң мүнөздөмөгө ээ болушу талап кылынат.

Гриппке каршы вакцина:
инактивдештирилген вакцина болушу;
ар бир штаммга 5–15 мкг антиген камтышы;
ДССУ тарабынан 2027–2028-жылдардагы сезон үчүн сунушталган грипп вирусунун штаммдарына шайкеш келиши;
бир дозасы 0,5 мл шприц түрүндө болушу;
КР ССМдин тиешелүү департаментинин каттоо күбөлүгү жана шайкештик сертификаты болушу;
өндүрүүчү заводдун авторлошкон каты берилиши;
өндүрүлгөн күнү жана жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлүшү керек.
Менингитке каршы вакцина: Серогруппасы ACYW135 болгон менингококк полисахариддик вакцина талап кылынат. Ар бир дозада ACYW135 менингококк топторунун ар бир полисахаридинен 50 мкг болушу керек. Вакцина КРде акыркы үч жылда колдонулган, каттоо күбөлүгүнө жана шайкештик сертификатына ээ болушу зарыл.

Вакциналарды жеткирүүдө «суук чынжыр» талаптары так сакталат. Препараттар +2ден +8 градуска чейинки температурада жабык жайларда сакталып, термоконтейнерлер менен ташылышы керек. Жеткирүү келишимге кол коюлгандан кийин 30 күндүн ичинде жүргүзүлүүгө тийиш.

Мындан тышкары, катышуучулар акыркы үч жылда вакциналарды жана дары-дармектерди жеткирүү боюнча кеминде эки окшош келишимди аткарган тажрыйбасын көрсөтүшү керек. Ошондой эле салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карызы жоктугун, экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогонун жана кызыкчылыктар кагылышы жок экенин тастыктаган документтерди тапшырат.

Конкурстун мөөнөттөрү:
Документтерди кабыл алуу: 2026-жылдын 21-августунан 18-сентябрына чейин, саат 17:00гө чейин.

Конкурс өтө турган күн: 2026-жылдын 23-сентябры, саат 10:00.
Өтүүчү жери: Муфтияттын жыйындар залы.
Белгиленген мөөнөттөн кечиктирилип берилген арыздар кабыл алынбайт.

Конкурс тууралуу кеңири маалыматты Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ажы бөлүмүнөн алууга болот.

Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 264/3, Муфтияттын жаңы кеңсеси.
Байланыш телефондору: 0778 48 61 67, 0708 48 61 67.
Электрондук почта: [email protected]

Последние новости