www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга минералдык жер семирткичтердин биринчи партиясы катары кеминде 10 миң тонна карбамид жеткирүү пландалууда.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
17-августта министрликте минералдык жер семирткичтерди жеткирүү боюнча келишимди даярдоо жана түзүүгө байланыштуу алдын ала макулдашууга кол коюу аземи өттү.
Документке «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын жана Кытайдын Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. (HFEC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу катышты.
Макулдашууга ылайык, Кыргызстанга жогорку сапаттагы карбамиддин биринчи партиясын кеминде 10 миң тонна көлөмүндө жеткирүүгө даярдык көрүлөт.
Министрликтин маалыматына караганда, демилге ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен жеткиликтүү жана өз убагында камсыз кылууга багытталган.
Илич Марсбек уулу белгилегендей, келишимдин ишке ашырылышы жер семирткичтер рыногун турукташтырууга жана дыйкандарды керектүү продукция менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, тараптардын кызматташтыгы минералдык жер семирткичтерди туруктуу жеткирүү каналын түзүүгө жана жазгы-талаа жана күзгү айыл чарба иштеринин мезгилинде тартыштык тобокелдигин азайтууга багытталган.