www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А. Салиев «Торугарт» өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышып, аны мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

15-августтагы иш сапардын жүрүшүндө бажылык контролду уюштуруу, жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрмө пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери каралды.

Өткөрмө пунктунда импорт багытында жүк ташуучу унаалар үчүн алты кыймыл тилкеси ишке киргизилгени белгиленди.

Бул өткөрүү процесстерин оптималдаштырып, пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле электрондук кезек системасынын алкагында транспорт каражаттары үчүн күтүү зонасы иштеп жатат.

Жолугушууда инспекциялык-текшерүү комплексин (ИТК) пайдалануу маселесине да көңүл бурулду. Анын алкагында кызматкерлерди тиешелүү даярдыктан өткөрүү, радиациялык коопсуздук талаптарын сактоо жана ИТКнын маалымат базасын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтык системасы менен интеграциялоо боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, инфраструктуралык иштерди тез арада аяктоо, өткөрмө пунктунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мыйзамдардын, кызматтык тартиптин жана кесиптик этиканын талаптарынын сакталышын күчөтүү милдеттендирилди.

Мамлекеттик бажы кызматы «Торугарт» өткөрмө пунктунун ишин жакшыртуу боюнча иштерди коюлган милдеттерди жана аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен улантат.

Последние новости