www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2027-жылдын 27-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин алгачкылардан болуп азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Ал ЖМКларга берген маегинде экинчи мөөнөткө ат салышарын айтып, шайлоого катышууну каалагандар үчүн эч кандай чектөө жок экенин белгилеген.

24.kg белгилүү саясатчылардан 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышуу пландары тууралуу сураган.

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты:
– Азырынча так айта албайм. Мен Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчисимин. Ошондуктан талапкерлигимди коёбумбу же жокпу деген чечим коллегиалдуу кабыл алынат.
Бирок каалоо эле жетишсиз. Ресурс жана мүмкүнчүлүк керек. Шайлоодо атаандаштык болушу зарыл. Бир гана талапкер болбошу керек.

Ахматбек Келдибеков, парламенттин мурдагы төрагасы:
– Шайлоого барбайм. Азыркы президентти колдойм, жаман иштеген жатат. Андан башка ким болот? Иштей берсин.

Өмүрбек Бабанов, мурдагы премьер-министр:
– Жок, таптакыр катышпайм. Мен саясий карьерамды толугу менен аяктадым. Азыр бизнеске жана Кыргызстанда заманбап технологияларды өнүктүрүүгө басым жасап жатам.

Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты:
– Президенттик жарышка катышуум өлкөдөгү кырдаалга, мыйзамдарга жана сот адилеттигинин канчалык деңгээлде адилеттүү болоруна жараша болот.

Клара Сооронкулова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы:
– Азырынча чечим кабыл ала элекмин. Шайлоого катышууга талапкерлер үчүн киргизилген шайлоо күрөөсүнүн жогорулашы тоскоол болушу мүмкүн. Күрөө мурда 100 миң сом болсо, кийин 1 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн. Мындан тышкары, азыр ал кайтарылбайт. Мен муну мүлктүк абалына жараша басмырлоо деп эсептейм.

Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Жок, катышууну көздөбөйм. Азырынча депутаттык милдеттеримди жакшы аткарып алсам деген максаттамын.

Темир Сариев, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти:
– Жок, катышпайм. Менин алдымда Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси катары бизнеске жардам берүү жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу милдети турат.

Аймен Касенов, саясатчы, 2021-жылдагы президенттик шайлоонун талапкери:
– Азырынча чечим кабыл ала элекмин. Балким, октябрга чейин так чечим чыгарам. Учурда өлкөнү өнүктүрүү боюнча программамды жазып жатам.

Акылбек Жапаров, экс-өкмөт башчысы:
– Кечээ Садыр Жапаровдун командасында болчумун, бүгүн да аны колдойм. Ал эми эртең президенттик жарышка катышууга даяр жаңы муундагы саясатчылар өсүп чыгат.

Буга чейин Камчыбек Ташиев да президенттик шайлоого катышпай турганын билдирген.

Эске салсак, Ташиев «75-кат» иши боюнча биринчи инстанциядагы сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. Ал чечимге даттанган. Учурда ишти Бишкек шаардык соту апелляциялык тартипте карап жатат.

Последние новости