www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда активист Мавлян Аскарбековдун иши боюнча соттук отурум өттү.

Отурумда Аскарбековдун социалдык тармактагы билдирүүлөрүнө лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн Юстиция министрлигинин эксперти Нурлан Сакпаев өз корутундусун түшүндүрүп бериши керек болчу. Бирок эксперт сотко келбей калгандыктан, отурум 16-сентябрга жылдырылды.

Судья Темирбек Маматов мындай чечим чыгаргандан кийин Аскарбеков ишти кароо создугуп жатканын белгилеп, соттон ишти мүмкүн болушунча тез карап, мыйзамдуу жана калыс чечим чыгарууну суранды.

«Тергөө иштери бүтүп, иш сотко өткөрүлүп берилгенине эки айга чукулдап калды. Акыркы сот болгонуна эки жумадан ашты. Бул иш боюнча эч кандай жабырлануучу, күбө же 75 аксакал жок», — деди ал.

Анын бир тууган иниси Бакыт Аскарбеков сот отурумунан кийин журналисттерге Мавлян Аскарбеков өлкөдө болуп жаткан саясий процесстер тууралуу оюн ачык билдирип келгенин айтып, анын улуттар аралык кастыкты козутуу максаты болбогонун белгиледи.

Адвокат Эрик Ирискулбековдун маалыматына караганда, Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча айып коюлган.

Аскарбеков 12-июндун кечинде кармалганы белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзүнө карата провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын жана үйүнө УКМКнын кызматкери келгенин жазган.

Ленин райондук сотунда иш боюнча алгачкы соттук угуу 20-августта өткөн. Анда Аскарбековду үй камагына чыгаруу тууралуу жактоочунун өтүнүчү канааттандырылган эмес.

47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү саясий окуяларга активдүү пикир билдирип, бийликтин айрым чечимдерин сынга алып келген.

Последние новости