www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь окуялары маалындагы башаламандыктарга катышкандардын ар бирине 20 доллардан 100 долларга чейин төлөп беришкен. Мындан тышкары Жамбыл облусунун тургуну Телеграм-каналы аркылуу адамдарга баррикадаларды орнотуу, "Молотов коктейлдерин" даярдоо, күч түзүм кызматкерлерине каршылык көрсөтүү жана имараттарды басып алуу боюнча нускамаларды берип турганы аныкталды. Казакстанда жыл башында болгон башаламандыктар бирдиктүү пландын негизинде ишке ашкан. Алматыда Талдыкоргондогу башаламандыктардын катышуучуларын каржылаган, ошондой эле жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүгө жана мамлекеттик объектилерди басып алууга салым кошкон эки киши кармалды. Өлкөнүн башка аймактарындагы окуялар да бирдей сценарийде өнүккөн. Кылмыш иштеринин анализи башаламандыктар болгон башка аймактардагы окуялар да окшош сценарийде өнүгүп, бирдиктүү башкарууда болгонун көрсөтүүдө. Булардын баары жалпы бир план болгонун аныктап турат. Казакстандын Алматы шаарына январдагы башаламандыктарга катышуу үчүн кайсы өлкөлөрдөн жанкечтилер барганы айтылды. Согушкерлердин арасында Кытай, Өзбекстан жана Сауд Арабиядан чыккандар бар. «Акикат» комиссиясы ушинтет. «Акикат» комиссиясы январдагы окуялардан кийин Казакстандагы көз карандысыз юристтер түзүп жыл башындагы башаламандыктарга иликтөө жүргүзүп жатышат. Юристтердин маалыматы боюнча, учурда Алматыда эле бул жаңжалга байланыштуу деп кармалган 308 адам камалып турат

 6-январга караган түнү Чымкентте топтошкон адамдардын полиция кызматкерлерине куралдуу кол салуусунан кийин аларга каршы курал колдонуу чечими кабыл алынып, жыйынтыгында 20 киши каза болгон. Мындан тышкары Жамбыл облусунда "500 кишиден турган куралдуу топко" жооп катары ок атылган маалда 11 киши өлгөн. Казакстанда быйыл январдын башында суюлтулган газды арзандатуу талабы менен башталган нааразылык акциялары бардык шаарларда жалпы улуттук демонстрацияларга айланган. Кийин тынч митингдер башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, ал окуяларда бери дегенде эле 230 киши өлгөн. Мындан тышкары дагы сегиз киши убактылуу кармоочу жайларда көз жумганы кабарланган. Бул окуялардан кийин миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адам терроризмге, жапырт башаламандыкка, курал-жарак уурдоого жана башка кылмыштарга айыпталып камакка алынган. Алардын көбү камакта кыйноого алынганына даттанышкан.

Кырдаал 2011-жылы Назарбаевдик бийлик тарабынан атылган Жаңы-Өзөн шаарында газдын баасын түшүрүү тууралуу талап менен башталды. Жаңы жылдан баштап бийлик жүргүзүп жаткан реформалардан улам баа эки эсе кымбаттап кеткен. Бааны өкмөт эмес, эркин рынок чечип калган. Газ – Казакстандын батышы үчүн өтө орчундуу тема болгон, себеби ал жакта авто унаалардын 90 пайызы жана үй чарбачылыгынын 70 пайызы газды колдонушат.

3 - январда Жаңы-Өзөндөн башталган бул кырдаал соц тармактар аркылуу бүтүндөй өлкөгө тараган. 2019-жылы Кытайга каршы чыкканда да бүтүндөй мамлекетке тарап кеткен. Оор кырдаалдардын чыгышына негизги себеп акыркы мезгилдерде казак коомчулугу кымбаттоолордон улам алсырап бараткан. Официалдуу инфляция: 2020-жылы 7,5% болсо, 2021-жылы 8,9% жеткен.  Азык- түлүктөр андан бешбетер кымбаттаган.

Ички миграция  борбору Нур-Султанда, эксборбор  Алматыда күчөгөн. Ошондуктан Алматы каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган. Алматыда жаштар, студенттер көп, алар Кыргызстанда алтынчы президенти менен жашап жатышат деп кыйкырып жүрүшөт. Президент Токаев Жаңы-Өзөндүктөрдүн оозун жапкыча Алматыда катуу каршылык көрсөтүү башталып кетти. Шаарда күч органдарына каршы чыгышып, мародерчулук күч алып кетти. 

Андан соң интернетти кайра-кайра өчүрүшүп, бул кезде Алматыда курал дүкөндөрү тонолуп,  супермаркеттер, банкоматтарга мародерчулук жүрүп, машиналар өрттөнүп, аскердик уралдар тартылып алынды. Митингчилер акимат, прокуратура, телеканалдарды жана башка тиешелүү жайдарды басып алышып, талкалап, өрттөп жиберишти. Алматынын аэропорту жа бир нече саат булардын колунда болду.  Машинанын багаждарынан автоматтар таратылып, өлгөн кишилердин да саны артты.

Президент Токаевдин билдирүүсүндө радикалдар кошулуп алар сырттан каржыланып жатканын айткан. Ошондуктан ал митингчилерге каршы ок атууну 7-январда буюрду. Казакстандын бийлиги мындай башаламандыкты өз күчү менен баса албасын түшүнүп ЖККУ (ОДКБ) жардам сурап кайрылды. 6-январда ЖККУ макулдугун берди. Көп убакыт өтпөй ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кире баштады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы 7-январда телеканалдар жана интернет сайттар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат берген. Ал өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын", полициянын, Улуттук гвардиянын жана армиянын күчтөрү менен масштабдуу аракеттер жүрүп жатканын маалымдады. Жалпысынан кырдаал турукташып калганын, конституциялык мыйзамдуулук калыбына келип жатканын айтты: “Бирок, террорчулар мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө дагы деле зыян келтирүүдө, жарандарга карата курал колдонуусун улантууда. Ошондуктан укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет жакта тургандар тараптарды тынчтык жол менен сүйлөшүп чечүүгө чакырыктар айтылып жатат. Кандай акылсыздык! Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз чет элдик жана жергиликтүү куралдуу жана атайын даярдыктан өткөн башкесерлер менен кармашып жатабыз. Бандиттер жана террорчулар. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул жакын арада толук аткарылат”,-деди ал.

Токаев ошондой эле ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүп жатканы үчүн Армениянын премьер-министрине, Орусиянын, Кыргызстандын, Беларустун жана Тажикстандын президенттерине ыраазычылык билдирди: “Жашырынып жаткан жоочулардын топтору даярдыктарын мамлекет кантип “уктап” билбей калганынын сөзсүз аңдашыбыз керек. Алматынын өзүндө эле 20 миң бандит кол салды. Алардын дээрлик бардык облустардагы аскердик, административдик жана социалдык объектилерге карата акциялары так даярдыкта жүргөнүн, башкарылып турганын, жогорку чабуулдук даярдыкта жана зомбулук менен жүргөнүн көрсөтүүдө. Жоочулардан сырткары идеологиялык диверсия, дезинформация же “фейктер” менен алектенген же элдин маанайын манупуляциялаган адистер иштеди. Сыягы, даярдык жана жетектөө менен бирдиктүү командалык пунктта жүргүзүлгөн”,-деп айтылат президенттин сөзүндө.

Мунун алдында Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдаган. Ага чейин, 7-январдын таңында президент “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөргөн. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. натыйжада Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери киришкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости