www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Болот Темиров анын үстүнөн дагы 2 кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал муну УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулдары боюнча журналисттик иликтөөсүн жарыялагандан кийин жасалып жатканын айтты.

Буга чейин Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, сатуу максатысыз ири өлчөмдө жасоо) кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 20-апрелде Бишкек ШИИББ билдиргендей, Темировдун үстүнөн дагы Кылмышжаза кодексинин 379-беренесинин (Документтердин жасалмасын жасоо) 1-2-3-бөлүгү менен жана 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) 1-бөлүгү менен тергөө иштери башталды.

«Темиров 1996-жылы 26-январда 16 жашка толгондо Россия Федерациясынын жаранынын паспортун алган. 2002-жылы 27-июнда, 2007-жылы 1-ноябрда жана 2014- жылы 25-февралда паспортун жаңылаган.

Россиянын Федералдык миграция кызматынын Москва шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, Темировго 4514 сериялуу 547576 номурлуу паспорт берилген (статусу – жарактуу).

Темиров Россиянын жараны экенин билип туруп кыргыз паспортун алуу үчүн Кыргызстандагы паспорт берүүчү органдын кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшкөн. 2008-жылы 11-июлда кыргыз паспортун алуу тартибин бузуп, паспорт берүүчү органга Өзгөн шаардык бириккен аскер комиссариаты тарабынан 2001- жылы 28-августта башка жаранга берилген аскердик билетти тапшырган.

КРнын Коргоо министрлигинде Темировго аскердик билет берилгени жана Темиров аскердик кызмат өтөгөнү тууралуу маалымат жок. Темиров КРнын жарандыгын алуу үчүн кат түрүндө президентке кайрылып, тиешелүү документтерди кошо тапшырышы керек болчу. Бирок Темиров атайын бул процедурадан өткөн эмес.

Темиров 2008-жылы 24-июлда паспорт берүүчү органга 2005-жылы 18-сентябрда берилген 0079814 номурлуу жасалма өздүгүн тастыктоочу документти берген. Андан кийин Темиров паспортунун мөөнөтү бүткөнүн же жоготуп алганын айтып, бир нече жолу КРнын паспортун алган.

Ал документтер менен журналист 50 жолудан ашык Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, мамлекеттик кызматта иштөөгө да жетишкен», - деп айтылат Бишкек ШИИББдин маалыматында.

Последние новости