www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев сотко жеткирилди

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экспрезидент Алмазбек Атамбаевге карата соттук отурум уланды. Жыйынга судья Азирет Медеров төрагалык кылууда.

Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов конвойдун коштоосунда сотко жеткирилиди. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев сот отурумун Атамбаевдин катышуусусуз өткөрүүнү суранды.

Мындан тышкары, ал сот жыйынын сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылды. Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу видео жана аудио жазуулар бар болгондуктан, арызды канааттандырбоону өтүндү. Судья Медеров жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды. Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген.

Анда Атамбаев Кой-Таш айылынан жер тилкелерин мыйзамсыз алган, мыйзамсыз байыган жана 2019- жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон массалык баш аламандыктар боюнча айыпталууда.

Бул иш боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Ирина Карамушкина, Равшан Жеенбеков, Мээрбек Мискенбаев, Аскар Шадиев жана Асел Кодуранова, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, мурдагы мэр Албек Ибраимов, ИИМдин мурдагы жетекчиси Абдылда Суранчиев жана башкалар айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости