www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча жеке медициналык жана фармацевтикалык уюмдарды кеңири масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүздү.
Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүлөр республикадагы 541ден ашык медициналык уюмду камтыган.
Алардын 246сы, же жалпы санынын 45,5 пайызы, жарактуу лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган.
Лицензиясы бар 295 субъекттин 110у лицензиялоо талаптарын бузгандыгы, анын ичинде:
лицензияда камтылбаган аймактарда медициналык кызмат көрсөткөндүгү;
тиешелүү сертификаттары жана атайын билими жок кызматкерлер;
медициналык даярдыгы жок адамдарды жумушка алгандыгы;
санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана инфекцияны көзөмөлдөөнү сактабагандыгы;
шаймандарды тийиштүү түрдө стерилдебегендиги;
катталбаган дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды туура эмес сактагандыгы жана колдонгондугу аныкталган.
Көрүлгөн чаралар:
Мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашык айып салынды;
263 медициналык уюмдун иши токтотулду;
246 мыйзамсыз иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Министрлик лицензиясы жок мекемелерге кайрылуу жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын эскертет.
«Медициналык жардамды расмий уруксаты бар лицензияланган уюмдардан гана алуу керек. Лицензиянын бар-жогун министрликтин расмий сайтындагы med.kg/lisenzirovanie бөлүмүнөн текшерүүгө болот», — деп айтылат маалыматта.