www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде жол кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 7-декабрда кечинде Ош–Раззаков унаа жолунун Кадамжай шаарынын аймагында катталган.
“Деу Тико” үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыккан “Форд Пикап” менен кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен “Деу Тиконун” жүргүнчүлөрү — 38 жаштагы Х.Н. жана 16 жаштагы Ю.М. ошол жерде каза болгон, ал эми айдоочу Д.Н. оор жаракат алып, тез жардам унаасында ооруканага жетпей көз жумган.
Каза тапкандар жубайлар жана алардын кызы экени айтылууда.
"Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Жол кыймылынын жана унааларды пайдалануунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголуп, “Форд Пикап” унаасынын 35 жаштагы айдоочусу Т.Т. Кадамжай милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирди облустук башкармалык.
Булак: Азаттык