www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө мектептерди төрт кабаттуу кылып курууга уруксат берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин инфекциялык эмес ооруларды жана санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын жалпы гигиена боюнча адиси Мария Кушубакова бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, санитардык талаптарга ылайык, учурда мектеп имараттары үч кабаттан ашпашы керек. Бирок, эми төрт кабат курууга уруксат берилди. Бирок, төртүнчү кабатта административдик багыттагы бөлмөлөр жайгашсын деген талап бар.
“Эмне үчүн беш же алты кабат кылууга болбойт?” деген суроолор көп түшүп жатат. Бул жерде маселе коопсуздукта. Мисалы, жер титирөө, өрт же башка табигый кырсыктар учурунда балдарды эвакуациялоо кыйындайт. Мектептерде окуучулар көп болгондуктан, бешинчи кабаттан түшүүдө кыймыл жайлап, балдардын ден соолугуна зыян келиши мүмкүн. Өзгөчө кырдаал учурда бат эле түшүп кетүү мүмкүн болбой, бул жагымсыз жана кооптуу жагдайларга алып келиши мүмкүн”, - деп түшүндүрдү ал.
Булак: Кабар