www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камбоджа Таиланд менен чек арага бронетанк жана артиллериялык бөлүктөрдү жөнөттү.
Камбоджанын куралдуу күчтөрү Таиланд менен чек арасына Т-55 танктарын жана БМ-21 «Град» оор реактивдүү системаларын жайгаштырды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги маалымдады.
Ошол эле учурда тай истребителдери F-16 душмандын тирек пункттарына, кампаларына жана жакындап келе жаткан кошумча күчтөрүнө сокку урууда. Таиланд королдук аскер-аба күчтөрү F-16 учактары душман чекиттерине жана камсыздоо объектилерине чабуул коюп жатканын билдирди. Аскерлердин айтымында, авиация жердеги бөлүктөрдү колдоо үчүн багытталган.
Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара талашы июль айында беш күндүк согушка айланып, андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу келишимине кол коюлган.
Октябрь айында Трамп Куала-Лумпурда эки өлкөнүн ортосундагы кеңейтилген ок атышууну токтотуу келишимине кол коюуга шарт түзгөн.