www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын айрым аймактарында 28-июнда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот.

Ошол эле учурда өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө аба ырайы ысык бойдон сакталат. Абанын эң жогорку температурасы Чүй өрөөнүндө, түштүк аймактарда жана Бишкек шаарында катталып, күндүз 38–40 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн 17…22°, күндүз 35…40°;
Талас облусунда: түнкүсүн 13…18°, күндүз 31…36°;
Ош облусунда: түнкүсүн 18…23°, күндүз 35…40°;
Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн 18…23°, күндүз 35…40°;
Баткен облусунда: түнкүсүн 13…23°, күндүз 35…40°;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 11…16°, күндүз 24…29°;
Нарын облусунда: түнкүсүн 7…12°, күндүз 24…29°;
Бишкек шаарында: түнкүсүн 20…22°, күндүз 36…38°.

Синоптиктер жарандарды күндүн ысык мезгилинде этият болууга, мүмкүн болушунча көлөкөдө жүрүүгө жана жетиштүү өлчөмдө суу ичүүгө чакырат.

Последние новости