www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Таш-Көмүр шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.
Ачылыш аземинде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана архитектура тармагындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында курулганын билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2025-жылдын күз айларында башталган. Жалпы аянты 271,9 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу административдик имаратта жыйындар залы, күтүү залы, архив, кабылдама, "Бирдиктүү терезе" кызматы жана техникалык бөлмөлөр жайгашкан. Заманбап талаптарга ылайык курулган жаңы имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүп, жарандарды сапаттуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Белгиленгендей, буга чейин башкармалыктын жамааты эски имаратта иш жүргүзүп келген.
Ошондой эле 2025-жылдан тартып өлкө аймактарындагы архитектура башкармалыктарынын административдик имараттарын жаңылоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Учурда республика боюнча 10дон ашык жаңы имарат пайдаланууга берилип, алардын бардыгы мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички каражаттарынын эсебинен курулуп жатканы маалымдалды.

Последние новости