www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузияга болгон иш сапарынын алкагында Грузиянын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын Ишкерлерди тейлөө борборуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө ал борбордун ишмердүүлүгү, салык төлөөчүлөр үчүн иштелип чыккан электрондук сервистер, товарлардын кыймылын көзөмөлдөөчү санариптик системалар, тобокелдиктерди башкаруу механизмдери жана салыктык контролдун электрондук инструменттери менен таанышты.

Ошондой эле Алмамбет Шыкмаматов контролдук-кассалык машиналар (ККМ) жана электрондук эсеп-фактуралар менен интеграцияланган платформалардын иштөө өзгөчөлүктөрүн карап чыкты.

Грузиянын тажрыйбасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү аркылуу тейлөө убактысын кыскартууга, адам факторунун таасирин азайтууга жана бизнес менен жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

Алынган тажрыйба Кыргызстанда салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматта өнүктүрүүдө жана системаны жакшыртууда колдонуларын Салык кызматы билдирди.

Последние новости