www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй районунда уурулукка шектелген 2 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

23-январь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Он Бир-Жылга айылынын 37 жаштагы тургуну Р.Т. арыз менен кайрылып, сарайынан 3 баш мал уурдалганын билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 50 миң сомду түзгөн.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Сокулук районунун аймагында унаага мал жүктөп бара жаткан жеринен 28 жаштагы К.А. жана 25 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандар бир топ кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги маалым болгон. Алар Чүй облусу боюнча 12 кылмышка жана өлкөнүн башка аймактарында 16 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости