www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жаза өтөөдөн качып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Бишкек шаарынан 1985-жылы туулган тургуну Ж.С. кармалды. Колго түшүрүү операциясын Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге жүргүзүшкөн.

1985-жылы туулган Ж.С. — Жалал-Абад облусунун тургуну. 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүмү (Унаа айдап качуу), 123-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) жана 170-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен соттолуп, катаал режимдеги түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан. Бирок 2019-жылы июль айында Ысык-Ата райондук сотунун токтому менен калган жазасын шарттуу түрдө өтөө үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Андан соң аны жашаган жери боюнча каттоого туруу үчүн Чаткал районундагы пробация органына жөнөтүшкөн.

2020-жылдын январь айында Чүй облустук соту тарабынан райондук соттун Ж.С.ны шарттуу түрдө жазасын өтөө үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу токтомун жокко чыгарган.

Криминалдык милиция кызматынан маалыматы боюнча, андан кийин Ж.С. жаза өтөөдөн качып, жашынып жүргөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.С. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Ал калган жазасын өтөө үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди. Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, Ж.С. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости