www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимов тажрыйбалуу жигит, Садыр Жапаров кеңешчи кылып алса туура болмок. Мындай пикирди коомдук ишмер Кайып Шер NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 24-февралда билдирди.

--“Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен кетти. Мына анда көптөгөн маселелер каралат. Мисалы, экономика, саламаттыкты сактоо, социалдык көйгөйлөр каралаары белгилүү. Андыктан бул президент ушундай сапарларды көп маселени туура сүйлөшүү жолу менен чечип алса болот. Келишим түзүп алышы зарыл. Бирок ошону ийне жибине чейин мыкты билген тажрыйбалуу адамдар айланасында болушу керек. Бул тышкы саясат деген абдан кыйын нерсе. Биз батыш, араб өлкөлөрү жана Кытай, Орусия сыяктуу мамлекеттер менен тыгыз байланышып, кызматташып келебиз . Ошол ынтымакты мындан ары дагы бекемдетип, инвестиция тартышыбыз зарыл. Кыргызстанга пайда алып келе турган иштерге жасообуз абзел. Андыктан Садыр Жапаров жалпы мамалекеттин кызыкчылыгын коргой билген, кеңеш бере ала турган 4 кыйын кеңешчини алсын. Алар: Аскер бөлүгүн караганга, укук коргоо жагына Токон Мамытовду алса туура, анын тажрыйбасы жетиштүү. Экономика жагына Акылбек Жапаров жарайт. Ал эми Райымбек Матраимов башка тармагына кеңешчи кылып алганы эң туура. “Кыргызстанды өнүктүрөм, экономиканы көтөрөм” деген азамат жигит. Нариман Түлеев дагы “Райымбек Матраимов табышкер, мыкты менеджер, өлкөнү өнүктүрө алат” деп жатат. Азыр аны камап койгондо эч кандай пайда таппайт. Бизге бири-бирибизди аңдып, каралап отуруунун кажети жок. Экономиканы көтөрүп, биримдикте иштейли. Азыр дүйнө алдыга өнүгүп жатат. Ал эми Кыргызстан саясат менен эле алек болууда. Эл дагы тажады”, - дейт Кайып Шер.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости