www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү министрлиги быйыл 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөндөр 2-класска отурарын айтты.
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Нурзида Касымова 480 сааттык "Наристе" программасы (нөлүнчү класс) менен азыр окуп жаткандар жана бала бакчаларда даярдоо тайпасындагы 6 жаштагы балдар 2025-2026-окуу жылында 2-класска кабыл алынарын билдирди.
"Ал эми даярдоодон өтпөгөн, бала бакчадагы жогорку тайпадагы азыр 5-6 жаштагы балдар (2019-жылы төрөлгөндөр) 2025-2026-окуу жылында 1-класска барышат", — деди ал министрлик өткөргөн түз эфирде.
Мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова күздө (2025-2026-окуу жылы) 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөн балдар 2-класска өтөрүн кошумчалады.
"Андан тышкары, 3-класстын балдары (2015-жылы төрөлгөндөр) секирик жасап 5-класска отурса, 6-класстын балдары (2012-жылы төрөлгөндөр) 8-класска өткөрүлөт", — деди ал.