www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манастын эстелигинин асты соода жай болобу?

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы Манастын эстелигинин алдындагы жертөлөгө соода жай куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Бишкектин мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган тендерге ылайык, эстелик турган жердин асты соода түйүн катары жасалып чыгат. Анын долбоорун иштеп чыгууга 1 млн 836,1 миң сом каралган.

Соода түйүнө жайгаша турган жердин аянты дээрлик 1500 чарчы метрге (48х30м) жетет.

Тендер 21-январда жарыяланган, арыздар 5-февралга чейин кабыл алынат.

Эскерте кетсек, 6-январда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов «Ала-Тоо» аянтындагы Манастын эстелигинин астындагы жертөлө оңдоло турганын кабарлаган. Ал жертөлөгө суу кирип, конструкциялардын бузулуусуна алып келгенин, эстелик турган жердин асты урап калышы мүмкүн экенин билдирген.

Январдын ортолорунда реконструкция иштерин баштоо үчүн аянттагы Манастын эстелиги алынган. Ал оңдоо иштери аяктаганга чейин атайын бир жерде сакталып турары айтылган.

Последние новости