www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда бир учурда үч айым сүйлөшүп алардан карыз алган жигит 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Чэнь Хун аттуу айым сүйүктүүсү Хэ Шивэй менен кечки тамактануу учурунда спирт ичимдигин ичип андан кийин аялдын үйүнө барышкан. Хун Шивэйдин уктап калганынан пайдаланып анын телефонун текшерип, башка аялдын билдирүүсүн таап алган.  

Хун билдирүү жазган аял менен байланышып, анын аты - Сяо Фан экенин аныктайт. Ал Шивэй менен жашаарын, ал көбүнчө анын үйүнө түнөгөнү келерин айткан. Ошондой эле ал экөөнө тең үйлөнөм деп убада бергени маалым болгон. Эртеси Хунга Чжао Лин аттуу аял байланышып, Шивэйдин сүйлөшкөн кызы экенин айткан. Шивэй ойгонгондон кийин Сяо карызга алган акчасын кайтарып берүүсүн талап кылганда ал баш тарткан. 

Бир нече сааттан кийин полиция бөлүмүнө алданган айымдар жигитинин үстүнөн арыз жазышкан. Тергөө учурунда жабырлануучу айымдар достошуп калышкан. 

Маалым болгондой, Шивэй 2021-жылдан бери Хун менен, 2022-жылдын июнь айынан тарта Фан менен, ошол эле жылдын октябрь айынан бери Лин менен сүйлөшүп жүргөн. Ал ар бир жабырлануучудан ири суммадагы акча карызга алып (1 миллион 231 миң сом) кайтарып берген эмес. Айыпталуучу аялдардын бири менен эки жолго түшүп, калган экөө менен жакын мамиледе болуу үчүн гана жолугуп жүргөнүн айткан.

Ал сүйлөшкөн кыздарына уюлдук телефон саткан дүкөндө иштерин айткан, бирок айымдар издеп барганда аны ал жактан табышкан эмес. Кийинчерээк полиция Шивэй 2020-жылдан бери туруктуу жумушу жок экенин аныктаган. Ал аялдардан алган акчаларды карызын жабуу үчүн колдонгон. 

Шивэй камалгандан кийин, анын мурунку сүйлөшкөн айымдары чогуу саякатка кетишкен. 

 

 

Последние новости