www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында туристтик мезгилге карата милиция кызматкерлеринин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилин даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 1-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда Ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун ИИБдин кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. 

Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Орунбай Кочкоров катышты.

Акылбек Жапаров 2023-жылкы жайкы туристтик мезгилде негизги максат коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.

"Жыл сайын ушул мезгилде коопсуздукка багытталган иш-чараны өткөрүп, туристтик мезгилге даярдык көрүүнү салтка айлантканбыз. Ошондуктан, бүгүн милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү үчүн гарнизондук саптык кароону өткөрүп жатабыз. Анын негизинде тынчтыкты бекем сактап, бардык аймактарда эли-журтубуздун коопсуздугун камсыздап, эс алуучуларга жагымдуу шарттарды түзүүнү - приоритет катары белгилейм. 

Бүгүнкү күнгө чейин 2 миллионго чукул туристтерди тосууга даярданып келсек, быйылкы жылы 10 миллионго жакын туристтердин келишин күтүп жатабыз. Туристтик артыкчылыкты мындан ары жогорулатып, тейлөөнүн баардык деңгээлин жакшыртып, өлкөбүзгө келген конокторго ыңгайлуу жагдайларды тартуулап, коопсуздугун сактоо - жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын башкы милдети экендигин билдирем.

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мындан эки күн мурда президентибиз Садыр Нургожоевич Чолпон-Ата шаарында 16 гектар аянтты камтыган, бардык талаптарга жооп берген парктын ачылышын жасады. 

Заманбап парктын ачылышында “аймактарды өнүктүрүү аркылуу, туризм жаатында жагымдуу шарттарды түзүү” боюнча тапшырмаларды белгилеп өттү.
Берилген тапшырмаларды так аткаруу максатында, жалпы туристтик аймактардагы экологияга, креативдүү экономикага жана инфраструктураны өнүктүрүүгө карата басым жасайбыз. Башка өлкөлөрдүн туризм тармагына кызыгып, кыялданбастан, өзүбүздүн ажайып кооз жергебиздеги туризмди өнүктүрсөк, элдин жашоосун жакшыртууга, өлкөбүздүн экономикасын өстүрүүгө  жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Туризм багытындагы кирешелердин туруктуулугун камсыздап, чет элден келген коноктордун жана жарандарыбыздын арасында коопсуздуктун сакталышына басым жасап, туризм атаандаштыгын күчөтүүгө буга чейин кам көргөнбүз", - дейт төрага.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, Ички иштер министрлиги, президенттин аймактардагы өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары бир тартиптеги багыттуу иш-чараларды жүргүзүүлөрү зарыл экендигин белгилеп, бир катар багыттар боюнча тапшырмаларды берди.

Алар:

-Туристтик аймактарда жагымдуу шарттарды түзүп, орто жана чакан бизнестин коопсуз иштөөсүнө, экономикалык мүмкүнчүлүктү жогорулатуу боюнча ишкерлердин ортосундагы кызматтык байланыштарды чыңдап, чет өлкөлүк туристтерди жана инвесторлорду тартуу боюнча иш-чараларды алып баруу;
-Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жана туризм багытында иш алып барган баардык тармактар, ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша “атайын иш-мерчемдерди” түзүп, туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү үчүн, ар түрдүү күтүүсүз кырдаалдарга, оор кесепеттер менен коштолгон унаа кырсыктарына, кылмыштарга, укук бузууларга бөгөт коюу иштерин тынымсыз алып баруу;

-Туристтик-экологиялык милиция бөлүктөрү, милициянын көчмө кабылдамалары, жол коопсуздугун камсыздоо посттору жогорку тартипте иштеп, жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, профилактиканы тынымсыз жүргүзүү;

-Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү жооптуу болгон региондо экологиялык абалга өзгөчө көңүл буруп, туристтик аймактардын тазалыгын, шаар-райондордогу пансионат, эс алуу борборлору, лагерь, ден-соолукту чыңдоочу жайлардын жана эс алуучуларды кабыл алуу түйүндөрүнүн даярдыгына көңүл буруп, келип чыккан кемчиликтерди жеринде жоюу иштерин жүргүзүү; 

-Ата-мекендик жана чет элдик инвесторлорду колдоо, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, туризм багытын эл аралык деңгээлдеги жогорку потенциалга ээ кылуу даражасына жетүүгө карата аракеттерди көрүүгө басым жасалсын. Элди тейлеген бардык тармактардын жооптуу өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери өз-ара тыгыз байланышта иш алып барышсын.

Гарнизондук саптык кароодо белгиленгендей, жайкы туристтик мезгил учурунда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлүп иш-чараларды жүргүзүлөт.

Булак:NazarNews.kg

       

 

Последние новости