www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

+34: 19-июнга карата аба ырайы

«Кыргызгидромет» кабарлагандай, 19-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости