www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл арасында эски жүздөр кетип, бийликке жаштар келсе деген кептер көп айтылчу эле. Алмазбек Атамбаев президент болуп келгенден бери бул жаатта бир топ алдыга жылыштар болду. Маанилүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилигине билинбегени менен жаштар көп тартылды. УКМК, Башкы прокуратура, министрликтерде, президенттик жана өкмөттүк аппараттарда бир катар жарк эткен жаңы жүздөрдү көрө алдык.
Алардын арасынан Сапар Исаков, Индира Жолдубаева жана Абдил Сегизбаев өзүн мыкты жагынан көрсөтө алгандардын сап башында. Башкы прокуратура менен УКМКнын жетекчилери коррупцияга жана өлкө коопсудугуна коркунуч жараткан терроризмге каршы күрөштү ийгиликтүү жүзөгө ашырып жатканына күбөбүз. Ал эми кечээ гана Президенттик аппараттын башчылык кызматына келген Исаков буга чейин Кыргызстандын чет мамилекеттер менен болгон байланышын түзүү жаатында эмгектенип, өлкөбүздүн эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө салымы чоң. Саясат айдыңында төбөсү көрүнүп келаткан бул жаш кадрды өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да “оң колу” катары белгилеген жайы бар.
Мындан улам коомчулукта Исаковдун мураскерликке тапталып жатканын кеп кыла башташкан. Аны менен катар дүбүртү чыгып келаткан жаш саясатчыны каралоого алган күчтөр да пайда болууда. Алсак, мураскер катары алгачкы сөздөр айтыла баштаган кезде “О” мобилдик операторунун бирдик жүктөө акысын 10 сомго кымбаттаптыр деген маалымат тарап, ага Исаковдун тиешеси бар деген кепти таратышты. Атап айтканда, элдин канын соргусу келген “Мобилник” компаниясынын ээси Исаков экен дешип, ушакты соцтармактар аркылуу жайылтуу аракети көрүлгөн. Белгилүү болгондой бул каралоонун башы гана болуп чыкты.
Ал эми кечээ жакында анын Президенттик аппараттын башчылыгына дайындалышы мураскер темасын ого бетер күчөттү. Исаковдун кадамынан кынтык издеп таппагандар күчтөр эми анын ысымын канкор Бакиевдин уулу Максимге жармаштыруу аракетин көрүшүүдө. Дегеним, “кезинде бул жигит Максимдин кагаздарын ташып иштечү эмес беле” деген кептерди таратышууда. Ушул жерден белгилей кетүүчү жагдай, иш жолун университетте окутуучулуктан баштаган жаш саясатчы 2003-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарды аркалап келет. Кезинде Тышкы иштер министрлигинде, Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүндө иштеп, 2009-2010-жылдары Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикте коммуникациялар бөлүмүнүн башчылыгын аркалаган. Исаковго бут тосууну каалаган күчтөр анын кадамынан ашыкча эч нерсе таппай айласы кеткенде ушуну бетке карманышууда.
Ал эми 2010-жылдан кийин Исаков ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүн жетектеп, кийин сырткы саясат бөлүмүнө башчылык кылган. 2011-жылдан 2017-жылга чейин Президенттик аппаратка чакыртылып, бул жакта да сырткы саясат бөлүмүндө эмгектенген. Исаковдун басып өткөн эмгек жолу анын Кыргызстандын башка мамлекеттер менен болгон алакасын бекемдөө менен гана алек болуп келатканын айтып турбайбы.
Андыктан коомчулукта сөз болуп жаткандай кокус президенттикке 39 жаштагы Сапар мырзанын талапкерлиги көрсөтүлүп калса, кайра сүйүнүшүбүз керек. Тажрыйба десе тажрыйбасы мол, жаш десе жаш дегендей эски жүздөрдү жаңылай турган кадрлардын бирине көө сыйпоонун ордуна колдогонубуз оң болор…
Булак: Эгемен