www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы Шахринав районунун тургуну Х.Бурхонованы 20 жылга түзөтүү колониясына кести. Ал кичүү кызын өлтүргөндүгү үчүн жаза мөөнөтүн өтөйт, деп айтылат өлкөнүн Башкы прокуратурасынын сайтында.
Маалым болгондой, мындай чечим 22-июнда кабыл алынган. Ал эми каргашалуу окуянын өзү ушул жылдын 22-февралында эртең менен болгон.
«Кызынын жоругуна ачууланган аял өзүнүн сырт кийими менен оозу-мурдун жаап, кызын сабап баштаган. Натыйжада 4 жаштагы Амина окуя болгон жерден каза болгон», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кызды апасы тынымсыз сабап, бала ыйлаганда же кийимин булгаганда орой мамиле кылганы белгиленет.
Аял Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси: 104-бөлүмүнүн 2-бөлүмүнүн «в» пункту (баланы мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 117-беренесинин 2-бөлүгүнүн «в» пункту (баланы кыйноо) боюнча соттолгон.
Маалым болгондой, Гисар шаарынын тургуну Бурхонова 2017-жылы турмушка чыккан жолдошу Мирзо Жураев менен Шахринав районунун М.Турсунзода айыл өкмөтүндө жашап келген. Кыздары Аминаны чогуу тарбиялап келишкен.
Булак: NazarNews.kg