www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13 жаштагы майып кызды зордуктаган жигиттер жазадан бошотулду. Бишкек шаардык соту эмне үчүн мындай өкүм чыгарганын түшүндүрдү.
«13 жаштагы майып кыз 2013-жылы сентябрда зордукталган, анын апасы милицияга 2015-жылы июнь айында кайрылган. 2015-жылы сентябрда Сокулук РИИБ кылмыш ишин козгоп, 2 өспүрүмгө айып тагылган.
Ошол учурда өспүрүмдөр 16 жашта болчу. Аларга өлкөдөн кетүүгө тыюу салынган. Кылмыш иши тергөөдөгү кемчиликтерди жоюу үчүн кайра укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Кемчиликтер жоюлгандан кийин кылмыш иши 2018-жылы апрелде Сокулук райондук сотуна өткөрүлүп берилген.
2019-жылы апрелде райондук сот 2 өспүрүмдү күнөөлүү деп таап, бири 8 жылга, экинчиси 8 жыл 6 айга кесилген. Андан соң райондук соттун өкүмүнүн үстүнөн Жогорку сотко чейин даттанышкан. Ушул жылы февралда кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте кароого жөнөтүлгөн.
13-июлда Бишкек шаардык соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапты, бирок Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакциясы) 67-беренесинин 7-пункту жана 88-беренесинин негизинде жазадан бошотту.
Ага жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиги себеп болду, анткени кылмыш жасалгандан кийин 9 жылдан ашуун убакыт өткөн», - деп айтылат Бишкек шаардык сотунун маалыматында.
Булак: NazarNews.kg