www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай гороскобу боюнча Бишкек мэрлерин алып көрсөк, Абдыкадыров - келемиштер тыпылдап бийлик кемесинен кача баштады, Аскар Салымбеков - коёндор алаңдап так секиришип, айлалары куруп турат...

Келемиш

Эмилбек Абдыкадыров (турганына жүз күн болду)

Келемиштер- ар кандай оору-дарттарды, эпидемияларды тарата турганы элге белгилүү, чуркаганына жел жетпеген шүмшүк жандык, бир суткада Жалал -Абадка чейин желип, жетип барат. Эмнегедир кеменин чөгө турганын алдын-ала билип, күн мурунтан кача баштайт. Акаевдик бийликтин кемеси, ал бийликте тургандан кийин 12 жылдан соң, 2002-жылдан баштап чөгө баштаган, Бакиевдик бийликтин кемеси, ал бийликте тургандан кийин 5 жылдан соң, 2010-жылдан баштап чөгө баштаган, Атамбаевдик бийликтин кемеси, ал бийликте тургандан кийин 5 жылдан соң, 2016-жылдан баштап чөгө баштаган, Жээнбековдук бийликтин кемеси, ал бийликте тургандан кийин 3 жылдан соң, 2020-жылы октябрда башаламандыктын айынан чөгүп кетти. Эмне үчүн Жапаровдун кемеси эрте эле таң атпай чөгө баштады? Ал 2032-жылга чейин мамлекетти башкарыш керек да.

Бука

Эрмек Нургазиев (2021-жылы 1 күн мэр болгон)

«Тууганы эле болбосо,

Тумшукка койчу адам» - деп.

Камчысын турган үйүрүп,

«Катынды дайым сабайм» - деп.

 

Аял жакка жооп билет,

Кызыл камчы, сок билек.

Отуруп жатып, отурбай,

Ордунан кеткен котурдай.

Эки саат Бишкекке мэр болгондор 2020-жылдын октябрындагы башаламандыкта көп эле болгон. Аттары да эсте калбай калды. Ал эмес алар Бишкекке мэр болор менен алды буйруктарын чыгарууга үлгүрүп калышкан.  Алардан кем калбай «Кыргызстан» партиясынын лидери Шаки дагы бир букадай оңураңдаган «Кызыл камчыны» таптайт. Шаки адвокат Ольга Новохатскаяны жаактан ары бир чаап, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн, элге эрмек боло турган «Кызыл камчыны» Бишкек мэрине алып келет. Ал Эрмек Нургазиев эле. Анын жөн-жайын уккан Бишкектин аялзаты чачын жула баштаган, күйөөлөрүнөн таяк жебегени менен бөөдө Эрмек эрмектеп сабап коюшу бышык эле, бул эми аялдарды жанчып иштей баштарда, эки саат ичинде былыгы билинип, отура элек жатып мансабынан айрылган. 

Жолборс

Балбак Түлөбаев (2020-2021 жылдар)

Жолборстордун жону жаман катуу, жогору жактагылар жолборстторду жоошута алышпай, башкаларга «ойт» десе, «айт» дешип жорголоп кетишет. Аларга окшоп ит сыяктуу илгиртпей куйруктарын чамгарактаганды үйрѳнүшкѳн эмес. «Жолборстуку жолдон» -деген жоон макалды принцип тутушуп, алыска аттанышып, чаң ызгыткан чабыты менен аңын чалып келишет. Комдонуп жатышып конок болуп, коньяк ичишпей, колтугуна киришпей, парламенттен гана азанап коюшат.  

Коён

Аскар Салымбеков (2005 -жылы)

Акаевдин заманында «Дордойду» тартып алгысы келди. Майрам Акаева бир тортко аукцион уюштурду. Салымбеков коёндой алаңдап 15 миң долларга сатып алды. Ал кезде 15 миң долларга беш үй келе турган. Акаев тайм-аут алып, бешинчи ирет президент болгон соң, жайлабасамбы деп турган. Аңгыча революция болуп кетип Бакиев аны Бишкекке мэр кылды, парламентке депутат кылды, бирок 2010-жылы митингге чыккан нарындыктарды материалдык жактан колдоп, бийлик алмашып кетүүсүнө шарт түзүп берди. Атамбаев «Дордойго» асылып казактардын «Хоргосуна» салып берди. «Хоргос» алдыга чыкты «Дордой» алаңдагандардын кол алдында калды. Жээнбеков «Дордойго» тийишкенге жетишпей калды. Жапаров келер менен коён коңулдан чыгып, Бишкектин Кеңешин чапчып калды, аны жаратпай койду эле экинчи жолу да чапчыды. Жогорку Кеңешти чапчыйын деди эле, тап берип тыйып коюшту. «Дордойго» чабуул качан башталар экен?

Ажыдаар

Кулов Феликс (1998-1999 жылдар)

Саясатчылардын эң эле сугалагы, ажыдаары Феликс Кулов. Вице-президент кезинде кыргыз элине тиешелүү курал –жарактар Куловдун капчыгын толтуруу максатында чыркырап кеткен. Тажикстанга: Т-72 танкынан – 2, БМП –12, БТР-70 –2, АКМ-7 62 автоматтарынан -150, 180 000 миң ок. Орусияга 9 аскердик учак, 12 вертолет сатылган. Кытайга 5 учакты сатып, эски учактардын ордуна алар 3 жаңы ТУ-154 берерин дүң кылган, ошол учактар Кулов аркылуу аты-жыты чыкпай жок болду?

Жылан

Иса Өмүркулов (2010-2013 жылдар)

Жыландай сойлоп жүргөн мына элди мактаса, бир Исаке мактасын. Ал Атамбаев досу менен Беш-Күңгөйдөгү дачасына даң салып жүрүп, досун «Журт атасы» деп мактап чыккан. Ал кызматтан түшөр менен «Курт атасы» деп аны мазактаганга өткөн. Алтынчы парламентте Чүй аймагынын кадрларын СДПК фракциясынын атка минери Иса Өмүркулов тейлеп келди. Ошондуктан, Чүй аймагында аким болгондордун ыйкы-тыйкысы көп. Чүй аймагына кандай адамдар аким болуп келет? Алсак, Иса Өмүркулов жакын тууганын туулган күнүнө майрамдап барат. Жүз граммдан ой-да бастырган соң Иса Өмүркуловдун ичи ысып кетет да Ысык-Атанын акимдигин жакын тууганынын туулган күнүнө “падарить” этип койот.

Жылкы

Сарыбашов Таалай (2021-жыл 4 күн)

Фараондор кулдарына желдеткич карматса, Бишкектин жылкы мүнөз мэри болуп кеткен Сарыбашов «кулдарына» кол чатыр карматат. Бишкек шаарынын мэрин көздөп учурунда Ош облусунун губернатору, Ош шаарынын мэри болуп, «кулдарына» «зонтик» көтөртүп тикесинен-тик тургузуп койчу Таалай Сарыбашов келген. Бишкекке келе элек жатып элдин башын айлантуу үчүн Бишкек мэриясын иштеген уулун башка кызматка которгон. Борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында Олимпиада оюндарына катышып жаткан балбандардын беттешин түз эфирде көрсөтүп биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди ээрчитип барып элге жагыш үчүн көрдү. Болду ошол бойдон карьерасы бүттү.

Кой

Медетбек Керимкулов (1999- 2005 жылдар)

 «Кыйшык болсо да жол жакшы, кортук болсо да кой жакшы». Кошоматты кашкайта кылган Медетбек Керимкуловду эч ким азырынча «кыйшык жол» деп айта элек. А бирок кайсы жерде иштебесин «ээрге мингенде эле, кыйшык отурганын», канча жашырсак да сезилип турат. «Ат караган жолго кезигет, кой караган тойго кезигет». Колхоз убагында кой карап кѳнгѳн элеттик элибиз, эми кой карагандан той караганды артык кѳрүшѳт. Анткени, бул заманда тойлогондор кѳп, жойлогондор да кѳп, ал эми элди ойлогондор бар бекен?

Маймыл

Нариман Тюлеев (2008-2010 жылдар)

Мэр Данияр Үсөновко «2» деп баа коюп мэрге келген маймыл сымал Нариман Түлеев «Баткен» базарын баш көтөртпөй жаап салып, өзүнүн контейнерлери менен «Дыйкан» базарын ачып, анысы кийин «Сары-Өзөн-Чүйгө» көчүп кеткен, кытай, калмак баатырларынын айкелдерин борбордук аянтка орноткондон башка Бишкекке эмне жакшылык кылды? Ош базарын Данияр Үсөнов тартипке салып келатты эле, ал жер каралбай таштанды базарына айланды. Таштанды болгон жерлерде эмнелер көп болот. Албетте, биринчиден келемиштердин «городогуна» айланды.

Короз

Азиз Суракматов (2018-2020 жылдар)

Мэр кезинде короздоно кийинген, кийген кийимдерин европанын миллионерлери гана кийген Суракматов Азиз мэрияда жетекчи кызматтарда иштеп жаткан учурунда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, кызматтык абалын пайдаланып мыйзамсыз байуу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында, муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы иш алып барып, муниципалитеттин айрым кызмат адамдары жана ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

Ит

Кубанычбек Кулматов (2014- 2016 жылдар)

Мэрге келгенде жерге киргендей сезилген Кулматовго. «Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт» дегендей айласы жок Бишкекти кайсап, сискасы жок уй экен деп буканы айтканы бар. Кубаныч Кулматов Москвада балмуздак жеп чоңойгону менен Кыргызстандагы көптөгөн бийликтин эрке баласы болуп келген. Анткени, ал иштин көзүн билбей эле, «маминкин сынок» болуп, ата-энесинин баласы катары, кымбат кофеге жулунуп, жечү жерди жара чайнап келген.  Кубаныч Кулматов түбөлүк ким бийликте болсо ошонун эрке баласы сезилчү.

Чочко

Албек Ибраимов (2016- 2018 жылдар)

Чочкодой жеген Албек Ибраимовго жана жубайы Айнура Ибраимовага тиешелүү «БТА Банктагы» ченемсиз валюталары конфискацияланган. Жан шериги Айнура Ибраимова катталган Чүй аймагындагы 147 жер участогу да конфискацияланган. Албек Ибраимовго тиешелүү төмөнкү менчиктери конфискацияланган:

— «Тойота-Рав4» автомашинасы, 2014-жылы чыккан, мамлекеттик номери В2511AW;

— «Мурас» дыйкан чарбасы;

—Арашан айылындагы үч дачасы;

—«Уздар Трейд» ЖЧКсы;

— Жалпы номиналдык наркы 29 миллион 960 миң сомдук «Евразия Сактык банкы“ акционердик коомунун уставдык капиталдагы 9,98677 пайыз үлүшү, реестрди кармаган.

— Жалпы номиналдык наркы 29 миллион 960 миң сомдук «Евразия Сактык банкы“ акционердик коомунун уставдык капиталдагы 9,98677 пайыз үлүшү, реестрди кармаган.

Албек Ибраимов тарабынан «Солнечный берег» пансионатына салган 82 миллион 750 миң 556 сом Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөзүлүп берилген.

Албек Ибраимов тарабынан “Дастан” улуттук корпорациясына сатып алуу “И239” жабдыгын сатып алуу үчүн коротулган 21 миллион 977 миң 283 сом Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөзүлүп берилген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости