www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда 40 миң доллар пара опузалоого шектелип кармалган блогер Улан Бекмуратов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, блогердин баш коргоо чарасы 4-майда Аламүдүн райондук сотунда каралып, аны 2-июлга чейин камакка алуу чечими чыгарылган.
Эскерте кетсек, 2-майда блогер Улан Бекмуратов 76 жаштагы жарандан акча опузалогоо шектелип кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, блогер аталган жаран тууралуу терс мүнөздөгү видеону жарылай турганын айтып, 40 миң доллар талап кылган. Ал 37,3 миң доллар алып, кийин дагы акча сураган. 18-апрелде аталган жаран милицияга кайрылган.
Булак: NazarNews.kg