www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягына карата (Финансы министрлигинин акыркы маалыматы) мамлекеттик ички карыздын көлөмү 96 миллиард 554,7 миллион сомду түздү.
Ачык булактардагы маалымат боюнча, бул өлкө тарыхындагы рекорддук көлөм. Буга чейинки рекорд январдын аягында катталып, 95 миллиард 660,5 миллион сом болуп, башкача айтканда, 900 миллионго өскөн.
Белгилей кетсек, жыл ичинде (2022-жылдын январь айынын аягынан бери) ички мамлекеттик карыз 72,8 миллиарддан 23,7 миллиард сомго көбөйгөн.
Ички карыздын дээрлик баары мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен түзүлгөн. Алар бюджетти толтурат, ал эми сатып алуучулар (финансылык мекемелер, жарандар — банк аркылуу гана) дивидендден пайда көрүшөт.
Өткөн жылы мамлекеттик ички карызды тейлөөгө (дивиденддерди төлөөгө жана төгүүгө) 11,5 миллиард сом жумшалган.
Булак: NazarNews.kg