www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

400 обьекти жалгыз жайлаган Равшан Жээнбеков 2-июлга караган түнү саат 2ден өткөндөн кийин сурактан чыкты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты социалдык тармактагы баракчасына "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазган. Батыштын пропагандасын жайылт десе жата калып иштегенге маш Равшан мырза 1-июлдун кечинде милиция бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болгон. Анын суракка алынышы тууралуу расмий органдар маалымат бере элек. Ал Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын Бишкектеги Ленин райондук милициясынын имаратынын алдына чогулган тарапкерлерине жана журналисттерге айтты.

“Ал жерде эч кандай жалган маалымат, эч кандай туура эмес маалымат жок. Тергөөчүлөр мени суракка алышты. Башка суроолор жок экенин, үйгө кете берсем болорун айтышты”, - деди Жээнбеков.

Батыш дегенде алган акчаларын эстеп чалкасынан жата калган Жээнбеков деген саясатчы бар. Орусияны жамандамайын ооруп калат. Буга чейин жарандык активист, саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева Next TV телеканалына байланыштуу суракка чакырылганын жазган. Бул медиага карата Жазык кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган.

Телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон. Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген. Бишкектеги Биринчи май райондук соту Айсулуу Кудайбердиеванын дагы бир ишин карай баштаган. Активистке Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) «2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатканы белгилүү болгон. Кудайбердиева бул иштердин баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Кыргызстанды чоң атасынан калган байлыгындай кылып, каалагандай калчап, каалагандай талкалап, боткосун чалып, байкуш элдин, мээсине чай кайнатып ичкендердин бири Равшан Жээнбеков. Анын кайынатасы “наркобарон” Алымбай Султанов Атамбаевдин көздөй кан кудасы. Азыр Атамбаев кудасын колдоп Жээнбеков тор артында отурат. Булардын бары чырмалышкан, чырмоок-зыянкечтер.Алар түз эле Кыргызстанды тозок отуна  алып баратышкан. Булардын, пайдасынан- зыяны көп элдин мээнетин талкалап жешип, өздөрү май каймактарын жалап отурушкан. Кудайдан жөө качкандар бир үйүр болуп алып, Кыргызстанга саясый сойкулукту алып келип, кыргызды 30 жылдан бери карыз сазына батыргандар. Кыргызга тынчтык бербей, олку-солкулукту уюштуруп келгендер, ушулар жана булардын акчасына алданган, байлык үчүн, мансап үчүн колдогондор.

Кыргызстандын, 400 жүздөн ашык обьектин жалгыз Жээнбеков жайлап койгон. Ага өндүрүш ишканаларынын иштеши эмес, арзыбаган баага сатылган, тыйыны кызыктырган, болчу. Сатып алган, келесоолор да, тааныш билиш, өндүрүштөн түк түшүнүгү жок адамдар, жең учунан, сатып алгандыгы, көп жылдар өткөн соң  ачыкталып олтурат. Алар эмне кылаарын билбей, ичиндеги станокторун, курал жабдыктарын металломго бир килосун  1 сомдон сатып жиберишкен, азырга чейин, негизги курулуштарын, кирпичин--кирпичтей кылып, талкалалап сатып жатышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости