www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр Эмилбек Абдыкадыров Конституцияга каршы иштеп жатат

“Жылымчы осурактын жыты жаман” дегендей, баардык иштерди жылма жасаган Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакында борбордун статусу боюнча мыйзам долбоорун өзү даярдатып алып, шаардык кеңештин депутаттары чуу көтөргөндө кайра “мен билбептирмин” деп чыкты.

Анысы ал. Эми болсо билмексен болуп, Бишкек шаарындагы гезит-журналдарды саткан күркөлөрдү четинен алдыртууда. Мунусун ачык эле “сөз эркиндигине кол салуу” десек болот.

Москва, Шанхай, Токио, Парижде токтобой иштеп жаткан гезит саткан күркөлөргө Бишкекте тыюу салынууда. Мурда кылмыш иштери козголуп, коррупцияга шектүү катары белгилүү болгон мэр Эмилбек Абдыкадыров Бишкекти акырчикирден тазалабай, жүргүнчүлөрдү ташууну жолго коё албай, кыскасы, шаарды оңдой албады, мэрияны жетектөө колунан келбей калды.

Ал мындай аракеттери менен жыйырмадан ашык жергиликтүү басылмалар менен бирге “Коммерсантъ”, “Комсомольская правда” сыяктуу Россиянын, “Караван” сыяктуу Казакстандын жана башка түстүү гезит-журналдардын окурмандарга жетишине бут тосуп, алардын окурмандарынын кардар катары укугун тебелеп-тепсеп жатат.

Азыр Бишкекте эртең менен гезит сатылган күркө издеп, шаардын бир учунан экинчи учуна чейин убара болгон окурмандар көбөйдү.

Мэр Э.Абдыкадыров тез аранын ичинде гезит күркөлөрүн ордуна койбосо, редакциялар сөз эркиндигин чектеп, Конституцияга каршы иштеп жаткан, басма сөздүн таратылышына бут тоскон мэрдин үстүнөн президентке кайрылуу жолдоону уюштурушары бышык.

Булак: Азия News гезити

Последние новости