www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында күйөөсү аялын муунтуп өлтүрүп, өзү асынып алган. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБи тастыктайт. 

Маалыматка ылайык, 5 баланы тарбиялап келген жубайлар 3-4 жылдан бери Каракол шаарындагы жеке үйдлөрдүн бирин ижарага алып жашашкан. 

"Үй-бүлөлүк чыр-чатактан кийин күйөөсү аялын муунтуп, өзү сарайда асынып алган. Жолдошу мебель жасап иштеген, ал эми жубайы 5 баланы тарбиялап, үй үйдө отурган. Улуу баласы шал оорусу менен ооруган. Калган балдарынын ден соолугу жакшы. 5 баласынын экөө эгиздер", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, маркум аял чыр-чатак учурунда милиция чакырып турган. 

Алдын ала маалыматтарга таянсак, күйөөсү Ош облусунун 40 жаштардагы тургуну болгон.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости